Бишкекте мектептердин 80 пайызга жакыны балдарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу түз эфирде Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди.
Анын айтымында, колдо болгон статистика боюнча борбор калаанын мектептериндеги 13 264 квоталык орундун 3,1 миңге жакыны гана ээлеген. «Бул болжол менен 80 пайызга жакын орундар дагы эле жетиштүү жана альтернативалык мектепке тапшырууга болот дегенди билдирет», — дейт Лира Самыкбаева.
Белгилей кетсек, социалдык тармактардын айрым колдонуучулары өздөрү катталган мектептерде орун калбай калганын жазып, эмне кылабыз деп ойлонуп жатышат.
Министрдин орун басары белгилегендей, система азыр бир нече альтернативдик окуу жайлардын бирин тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, алардын биринде сөзсүз орундар бар.
Ошондой эле жаңы квоталарды ачуу маселеси каралууда. Лира Самыкбаева жарандар каалаган мүмкүнчүлүктү колдонууга — республиканын башка аймагына барууга же жеке менчик мектепке барууга укуктуу экенин кошумчалады.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда мектептерге онлайн каттоо башталды. 2019-жылы төрөлгөндөр жана «Наристе» мектебине 480 сааттык даярдоо программасын бүтүрө электер 1-класска, ал эми 2018, 2019-жылдары туулгандар жана мектепке чейинки даярдыктан өткөндөр түз 2-класска барышат.