Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3000дөн ашты

15:06, 03 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3085ке, жаракат алгандардын саны 4715ке жетти, деп билдирет CGTN жергиликтүү бийликтерге таянуу менен.

Буга чейин Таиланддын Метеорология департаменти 28-марттан бери Мьянмада болгон жер титирөөдөн кийин 100дөн ашык каттаганы белгилүү болгон.Бирок кырсык Мьянмада төрт жылдан бери уланып жаткан жарандык согушту токтото алган жок деп билдирет Reuters. Аскердик төңкөрүшчүлөр 2-апрелден 22-апрелге чейин убактылуу ок атууну токтотууну жарыялады.

Ок атышпоо өлкөнүн жер титирөөдөн калыбына келишине көмөктөшүүгө багытталган.

Эске салсак, 28-мартта Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон.