19:15
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Мамлекеттик салык кызматы биринчи кварталда 63,8 миллиард сом салык чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь айынан март айына чейин 63 миллиард 852,2 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салык чогултуу планы 4 миллиард 388,6 миллион сомго ашыкча аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 15,8 миллиард сомго көбөйгөн.

Камсыздандыруу төгүмдөрү 19 миллиард сомдон ашык чогултулуп, план 1 миллиард 14 миллион сомго ашыкча аткарылган. 2024-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуунун өсүшү 1,5 миллиард сомду түздү.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын биринчи кварталында чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү дээрлик 83 миллиард сомго жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар