Кыргызстан Орусиядагы эмгек мигранттарынын саны боюнча экинчи өлкө болду

08:00, 07 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстан Орусиядагы эмгек мигранттарынын саны боюнча экинчи өлкө болду. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин башчысынын биринчи орун басары Александр Горовой IX Санкт-Петербург эл аралык эмгек форумунун пленардык жыйынында билдирди.

«Эмгек менен алектенген жарандардын саны боюнча Кыргызстан жаңы Россиянын тарыхында биринчи жолу алдыга чыкты», — деди ал.

Александр Горовойдун айтымында, өткөн жылдын аягында Орусия Федерациясында 6,3 миллионго жакын чет элдиктер бар болсо, алардын көбү өлкөдө мыйзамдуу түрдө жүрүшкөн. Анын ичинен 1,4 миллиондон ашыгы Өзбекстандын жарандары.