Кыргызстанда 66 миңден ашык бала мектепке тартылды

10:05, 07 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын мектептеринде 66 миңден ашык бала катталган. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда айтылат.

Системага ылайык, 600дөн ашык бенефициарлар катталган. 220 миңден ашык орун бош бойдон калууда.

Бишкек шаарында 1-класска 5 миң бала, ал эми экинчи класска 6,2 миң бала барат.

Эскерте кетсек, электрондук каттоонун биринчи этабы туруктуу катталган дарек боюнча — 1-июнга чейин жүргүзүлөт. 12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу азыр биринчи жана экинчи класстар үчүн да каттоо ачык. Система 2018-жылы төрөлгөн балдарды 2-класска, 2019-жылы төрөлгөн балдарды биринчи класска автоматтык түрдө берет.

2019-жылы төрөлгөн балдар 480 сааттык «Наристе» мектепке даярдоо программасын бүтүргөн болсо, алар да экинчи класска бара алышат. Ал үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары balalyk.edu.gov.kg электрондук базасына маалыматтарды киргизиши керек.