«Манас» эл аралык аэропортунда учууга чектөөлөр киргизилди

10:53, 07 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

«Манас» аэропортунда учуу тилкесин оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Алена Хоменко билдирди.

Буга байланыштуу ар бир дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү саат 18:00дөн 3:00гө чейин каттамдар токтотулган.

«Бардык авиакомпанияларга пландалган оңдоо иштери тууралуу маалымдалган. Жүргүнчүлөрдөн учуу графигиндеги өзгөрүүлөрдү эске алууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.