Мунапыс кимдерге колдонулбайт? Кылмыштардын тизмеси кеңейтилди

12:06, 08 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Президент Садыр Жапаров «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ушул мыйзам «Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө» КР мыйзамын КР кылмыш-жаза жана жаза аткаруу мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Мыйзамда «Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө» КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүн төмөндөгү мазмундагы пункттар менен толуктоо каралган:

— террористтик ишти каржылоо;

— көпчүлүк алдында террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырууларды жасоо;

— уюшкан топторду жана кылмыштуу уюмдарды (жамааттарды) каржылоо;

— курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;

— диверсия.

Ошентип, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр менен «Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө» КР мыйзамы кылмыштардын жаңы түрлөрү менен толукталууда, атап айтканда: террористтик ишти каржылоо, террористтик ишти жүзөгө ашырууга ачык чакырыктарды жасоо, уюшкан топторду жана кылмыштуу уюмдарды (жамааттарды) каржылоо, куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, ошондой эле диверсия. Бул кылмыштар КР Кылмыш-жаза кодексинин 253, 255, 263, 267 жана 325-беренелеринде каралган жана алар жасалган учурда мунапыс колдонулбайт.