Ош облусундагы почта имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

15:09, 08 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген почта имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Араван районунун Тепе-Коргон айылында жайгашкан почтанын имараты жана 0,12 га жер тилкеси жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 6 млн сомдук аталган имарат жана 0,12 га жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.

Фото Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. Почта имараты