15:29
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Караколдо жер сатуу: экс-мэр кармалды

Атайын кызмат Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мурдагы мэри А.Ф.А кармады. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы
Маалыматка ылайык, Каракол мэриясынын жетекчилиги жана башка адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, муниципалдык жер тилкесин арзандатылган баада саткан фактылар аныкталды.

Алсак, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жасалма аукцион уюштуруу жолу менен Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин А.Н.К. аттуу КР жаранына жеке менчикке берип, кийинчерээк ал кымбат жер участогуна алмаштырылган.

Мында Каракол шаарынын мэриясынын кызмат адамдарынын иш- аракеттери тооруктарды өткөрүү жана башка жер участогуна алмаштыруу иштери, мэрдин кызмат ордун ээлеген А.Ф.А. тарабынан жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча А.Ф.А. Каракол шаарынын № 23 тергөө абагына камакка алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар