11:38, 10 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Атайын кызмат Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мурдагы мэри А.Ф.А кармады. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Алсак, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жасалма аукцион уюштуруу жолу менен Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин А.Н.К. аттуу КР жаранына жеке менчикке берип, кийинчерээк ал кымбат жер участогуна алмаштырылган.
Мында Каракол шаарынын мэриясынын кызмат адамдарынын иш- аракеттери тооруктарды өткөрүү жана башка жер участогуна алмаштыруу иштери, мэрдин кызмат ордун ээлеген А.Ф.А. тарабынан жүргүзүлгөн.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча А.Ф.А. Каракол шаарынын № 23 тергөө абагына камакка алынды.