2025-жылдын башынан бери Кыргызстан дээрлик 20 миллиард сом мамлекеттик карызын төлөдү. Бул маалыматтар Финансы министрлигинин материалдарынан алынган.
Маалыматка ылайык, январь айынан март айына чейин өлкө 19 миллиард 954 миллион сом мамлекеттик карызды төлөгөн.
Белгилей кетсек, бул төлөмдөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 7 миллиард сомго (6,8 миллиард) көбөйгөн.
Мында тышкы карызды төлөөгө 12,9 миллиард сом (148,3 миллион доллар), ички карызды төлөөгө 7,17 миллиард сом жумшалган.
Буга чейин 2024-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасы 684,4 миллион доллар мамлекеттик карызды төлөгөн.
Эске сала кетсек, өткөн жылы мамлекеттик бюджет 36 миллиард 857,2 миллион сом же ИДПнын 2,4 пайызын түзгөн кассалык профицит менен аткарылган.