Кыргызстанда эттин баасы былтыркыга салыштырмалуу кымбат бойдон калууда. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында камтылган.
Мекеменин маалыматына караганда, март айында орто эсеп менен 1 килограмм уй эти 649,6 сомдон сатылган.
Бишкекте уй этинин орточо баасы республикадагыдан кымбат — борбордо бир килограммдын баасы 677 сом болууда. Баткенде да эт азыгынын бул түрү башка аймактарга салыштырмалуу кымбат баада — килограммы 650 сомдон сатылууда.
Март айында койдун орточо баасы килограммына 621,4 сомду түздү. Эң көп чыгым Токтогул, Жалал-Абад, Раззаков, Баткен жана Ноокат шаарларында катталды — 650 сомго жакын болууда.