Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагынын жерлерин трансформациялоо боюнча министрлер кабинети токтом кабыл алды.
«Эркин-Тоодо» жарыяланган документке ылайык, 0,05 гектар жер «токой фондусунун жерлери» категориясынан «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка жерлер» категориясына которулууда.
Маалыматка ылайык, аталган аймакка мамлекеттик «Каркыра» чек ара бикетинде өткөрүү тосоту курулат.
Түп районунун мамлекеттик администрациясына шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.