Бишкекте 13-апрелде «Jaz Demi» жарым марафонуну өтөт. Жаз жарышына байланыштуу 13-апрелде борбор калаада айрым жолдор жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жарым марофондо атышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, жарым марафондун жүрүшүндө 7:30дан 11:00гө чейин айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Тактап айтканда, Абсамат Масалиев проспектисинин түштүк бөлүгүндө — Б.Алыкулов жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен тартып, А.Бакаев жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишине чейин кыймыл токтотулат.
Быйылкы иш-чарага 3800гө жакын спортчу жана дени сак жашоо образын карманган жарандар катышат. Жарыш алкагында 5 км, 10 км жана 21.1 км аралыктагы дистанциялар каралган. Ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар үчүн атайын «Kid’s Run» жарышы уюштурулат.
Эске салсак, иш-чараны «Nomad Sport» коомдук бирикмеси Бишкек шаарынын мэриясынын жана мамлекеттик органдардын колдоосу менен уюштурууда.