12:50, 11 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Быйылкы жылдын 1-октябрынан тартып республикада пенсиялар 7 пайыздан ашык жогорулатылат. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди.
Депутат Пархат Тулендыбаев эмне үчүн пенсионерлер бүгүнкү күндө 6900 сом алып жатканын сурады. Ал эми Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылы пенсия курагындагы жарандар үчүн жашоо минимумунун өлчөмү 7663 сомду түзгөн.
«2025-жылдын 1-октябрынан баштап пенсияны ушул суммага чейин көтөрөбүз. Пенсияны көбөйтүү үчүн биз өткөн жылдагы орточо эмгек акыны жана инфляцияны алып жатабыз. Бул суммаларды кошуп, экиге бөлөбүз. Пенсиянын көтөрүлүшүнүн пайызын ушинтип эсептейбиз. Быйыл бюджетке 7 пайызга — 1 миллиард 200 миллион сомго көбөйтүүнү киргиздик. Бирок камсыздандыруунун алдын ала жыйынтыгын карап чыгабыз. 2025-жылдын биринчи жарымында биз пенсияны кандай суммага көтөрөрүбүздү чечебиз, бирок ал сөзсүз түрдө 7 пайыздан ашат», — деди Бактияр Алиев.
Белгилей кетсек, Конституциянын 44-беренесине ылайык, пенсия жана жөлөкпулдар жашоо минимумунан төмөн болбошу керек.