Бүгүн АКШ президентинин атайын өкүлү Владимир Путин менен жолугат

13:46, 11 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Виткофф Орусияга учуп кетти. Ал бүгүн, 11-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Axios булактарына таянуу менен билдирди.

Фото ЖМК булактары

Басылманын дагы бир булагы эгер айдын аягына чейин Украинада ок атышпоо боюнча келишим түзүлбөсө, Дональд Трамп Орусияга каршы кошумча чектөөлөрдү киргизе турганын билдирген.

Аксиос маалыматына караганда, бул Стив Виткофф менен Владимир Путиндин үчүнчү жолугушуусу болот.

Мамлекеттик департамент визит боюнча комментарий бере элек.

Flightradar24 агенттигинин маалыматына караганда, АКШдан учкан Gulfstream учагы буга чейин Санкт-Петербургга конгон.