ӨКМ: Жакынкы бир саат аралыгында Чүй облусунун аймагында катуу шамал күтүлөт

09:57, 14 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт.

«Шамал катталган учурда коопсуз жайларда болуңуздар! Өзгөчө жарнамалык калкандардан, электр чубалгыларынан, бак-дарактардан алыс болууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.