Кыргызстанда дээрлик 82 миң бала мектепке катталды

10:28, 14 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда дээрлик 82 миң бала мектептерде каттоодон өттү. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда айтылат.

Системага ылайык, 1000ден ашык бенефициарлар катталган. Бош калган 204 миң орун бар.

Бишкекте 1-класска 5,8 миң, ал эми экинчи класска 7,1 миң бала барат.

Белгилей кетсек, электрондук каттоонун биринчи этабы туруктуу каттоо дареги боюнча — 1-июнга чейин жүргүзүлөт.

12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу азыр биринчи жана экинчи класстар үчүн да каттоо ачык. Система 2018-жылы төрөлгөн балдарды 2-класска, 2019-жылы төрөлгөн балдарды биринчи класска автоматтык түрдө берет.

2019-жылы төрөлгөн балдар 480 сааттык «Наристе» мектепке даярдоо программасын бүтүргөн болсо, алар да экинчи класска бара алышат. Ал үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары balalyk.edu.gov.kg электрондук базасына маалыматтарды киргизиши керек.