Ош шаарында аттракциондордун жана балдар борборлорунун коопсуздугу текшерилүүдө

10:38, 15 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаарында аттракциондор менен балдардын оюн-зоок жайларынын коопсуздугу боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Маалыматка ылайык, текшерүү «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүшүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу чаралары жөнүндө» КР мыйзамын аткаруунун алкагында тиешелүү кызматтардан түзүлгөн жумушчу топ тарабынан балдарга арналган оюн-зоок аянтчаларынын коопсуздугу боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык-гигиеналык абал, өрт жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышы тыкыр каралууда.