Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

08:30, 16 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт.

«Бишкекгаз» кызматы жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 16-18-апрель күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдайт:

Лермонтов көчөсү, ЧЧК, Биринчи май көчөсү, Бакай-Ата конушу.

Аталган кызмат түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Жумуштар газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.