23:13
USD 87.44
EUR 102.65
RUB 1.07

Айдоочулардын эсине: Боом капчыгайында таш түшүрүү иштери жасалат

Боом капчыгайында 2025-жылдын 17-18-апрелинде «Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолунун 129, 131 жана 132-чакырымдарында таштарды күч менен түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Мындан улам иш учурунда жол жарым-жартылай жабылат. Иштер күндүзү саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жол тазаланган учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.

Ишкана бул иш-чаралар наа жана темир жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулуп жаткандыгын билдирип, айдоочулардан сапарды алдын ала пландап коюуну суранды

Эң көп окулган жаңылыктар