00:54
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

ТИМ президент Садыр Жапаровдун Бахрейнге иш сапарын даярдап жатат

Эль-Кувейт шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын тышкы иштер министри Абдулатиф бин Рашид Аль-Заяни менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу «Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши — Борбор Азия» стратегиялык диалогу боюнча Тышкы иштер министрлеринин III жыйынынын алкагында өттү.

Тараптар саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүнүн жогорку потенциалын белгилеп, жакынкы мезгилде жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде сапарларды алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Бахрейндин тышкы иштер министри Аль-Заяни Бахрейн тарап Кыргызстан менен кызматташуунун өнүгүшүн жогору бааларын жана Кыргызстандын президентинин Бахрейн Падышалыгына боло турган тарыхый сапарына өзгөчө маани берерин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки элдин жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн алкагында кызматташууну улантууну макулдашты.

Эң көп окулган жаңылыктар