Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков УКМКда эки күн сурак берип, аны ачыкка чыгарбоо келишимине кол койду. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 17-апрелде парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул анын Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү иликтөөсүнө байланыштуу. Бирок, жазылуу болгонуна карабастан депутат айрым объектилер жөнүндө айта алат.
Жыйында райондогу мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчалар тууралуу айтып, видеотасма көрсөттү. Анда буга чейин менчиктештирилип кеткен жана жакында мурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кайтарып берген бала бакча да көрсөтүлгөн. Депутаттын айтымында, бул 600 орунга эсептелген өлкөдөгү эң чоң бала бакча.
Депутат ошондой эле аймактагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен дагы бир нече чоң бала бакчалардын абалын көрсөттү. Ал президенттен бул бала бакчаларды оңдоого 50 миллион сомдон кем эмес каражат бөлүүнү суранды. Депутаттын айтымында, бул акча беш имаратты оңдоого жетет.
Буга чейин депутат аталган объектилерди мамлекеттик баланска кабыл алуу актысына кол коюуну каалабаган райондун акимине нааразы болгон. Акбөкөн Таштанбеков районго жаңы жетекчи дайындалып, иштер оңолуп жатканын билдирди.