06:56
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Эл өкүлү курулган социалдык объектилердин сапатына нааразы болду

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкулов Мамкурулуш куруп жаткан социалдык объектилердин сапаты боюнча маселе көтөрдү.

Ал фундаменти талкаланып, жарака кеткен бир катар объектилерди көрсөткөн видеону көрсөттү.

Алардын бири Аксы районундагы ФАПты жакында парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу ачкан. Эл өкүлүнүн айтымында, ал сапатсыз курулгандыктан азыр бузулуп жатат.

Ошондой эле дубалдары жарака кеткен, күйүп кеткен кара кирпич менен курулган мектептерди көрсөттү.

Парламент трибунасынан Эрулан Кокулов президентке кайрылып, Мамлекеттик курулуш комитетинин ишине абдан нааразы экенин айтып, начар кургандан көрө, такыр эле эч нерсе курбай койгон жакшы экенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар