Билим берүү жана илим министри: Кыргызстанда 59 авариялык мектеп бар

13:27, 17 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда 59 авариялык мектеп бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү мектептердин жалпы саны 2344. Ал эми окуучулардын саны 1 566 633 адамды түзөт.

Жыйында министр мектептерди этап менен 12 жылдык билим берүүгө өткөрүү 50 пайызга аткарылганын билдирди.