Баткенде тоодон түшө албай калган жаран куткарылды

14:16, 17 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Баткенде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 61 жаштагы эркек адамдын өмүрүн сактап калышты.

Ведомстводон билдиришкендей, кечээ, 16-апрелде Орозбеков айыл аймагына караштуу Сары-Талаа жайлоосунда тоодон өз алдынча түшө албай калып, жардамга муктаж болгон жаран тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине ӨКМден 5 куткаруучу тартылып, аталган жаранды тоодон аман-эсен түшүрүп беришкен.

Фото ӨКМнын басма сөз кызматы