Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 18-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19;
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 13...18;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 8...13;
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −3...-8, күндүз −3...+2 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5...7°, күндүз 16...18° болот.