Баткен облусунун Лейлек районунун Булак-Башы айылындагы өрүкзарда «Өрүкзар» эл аралык поэзия фестивалы аяктады.
Фестивалдын жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, адабият жана маданият ишмерлери, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, жалпы Кыргызстандын бардык аймактарынан келген акындар, жергиликтүү эл катышты.
«Өрүкзар поэзиясы» эл аралык фестивалынын ыр сынагында акын Максат Жангазиев баш байгеге ээ болду.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, 1-орунга Гүлүмкан Исаева, 2-орунга Махабат Касейинова, ал эми үчүнчү орунга Бүкалча Маматали кызы менен Жибек Сапар кызы татыды. Бешөө тең Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болушту.
«Өрүкзар поэзиясы» эл аралык фестивалы ыр сынагына 40 жашка чейинки акындар катышышты.
Быйыл бул фестивалдын өтүп жатканына быйыл 35 жыл болду.
Аны белгилүү кыргыз акыны Абдилаат Дооров негиздеп, жыл сайын үзгүлтүксүз уюштурулуп келет. Жыл сайын өткөрүлгөн фестивалдын бул жолкусу мамлекет тарабынан колдоого алынып, жүздөгөн акындын башын бириктирди.