Бишкекте бөтөн адамдардын 17 унаасын саткан алдамчы кармалды

09:34, 18 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте дагы 17 адамдын унаасын саткан алдамчы кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер бөлүмү
Маалым болгондой, мурда милицияга А. Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Б.Н.га карата чара көрүүнү суранган. Анын ишенимине кирип, андан «Хонда Фит» үлгүсүндөгү 17 унааны ижарага берем деген шылтоо менен алган. Бирок кийин чет элдик унаалардын баарын сатып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам кызматкерлер шектүүнү таап, кармашкан. Учурда тергөө иштери уланууда.