КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы алмашты

10:05, 18 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Президент Садыр Жапаров өзүнүн аппаратындагы кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу жарлыктарга кол койду.

Муратбек Азымбакиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.

Бул кызматка Сагынбек Абдумуталип дайындалды.