Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү 16 жаранга 2 миллион рублдан ашык эмгек акы карызын өндүрүүгө жардам берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 16 жараны «СПС-К» ЖЧК эмгек акыны төлөбөй жаткандыгы боюнча жамааттык кайрылуу жасашкан.
Өкүлчүлүктүн кызматкерлери жарандардын бузулган эмгек укуктарын калыбына келтирүүгө багытталган тиешелүү иш-чараларды жүргүзүштү. Жумуш берүүчү — «СПС-К» ЖЧКсы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгында эмгек акы боюнча карыз толугу менен төлөндү.
Натыйжада Кыргызстандын жарандарынын пайдасына жалпы 2 млн 293 миң рубль төлөнүп берилди, бул сумма мурда көрсөтүлгөн карызга толук туура келет.
Өкүлчүлүк Россиянын аймагында жүргөн мекендештердин эмгек укуктарын коргоо боюнча системалуу ишти улантууда жана жарандарыбызды ушул сыяктуу жагдайлар жаралган учурда кайрылууга чакырат.