20:58
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Кыргызстандык Айбаз Орозбеков самбо боюнча Азия чемпиону болду

Эл аралык самбо федерациясы
Фото Эл аралык самбо федерациясы. Азия чемпиону, кыргызстандык Айбаз Орозбеков (солдон экинчи)

14-20-апрель күндөрү Ташкентте самбо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өтүүдө.Бул тууралуу Самбо боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымдалды.

Турнирге жаш спортчулардан баштап, чебер ардагерлерге чейин ар кандай курактагы спортчулар катышууда.

Төртүнчү күнү кыргызстандык өспүрүмдөр 19 медаль — 1 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медалга ээ болушту.

64 килограмм салмакта Айбаз Орозбеков Азия чемпиону болду.

Эске салсак, алгачкы үч күндө кыргызстандыктар 36 медалга ээ болушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар