11:21, 18 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти.
ӨКМ басма сөз борборунун маалыматына караганда, 2025-жылдын 18-апрелинен 20-апрелине чейин өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда, Каракол-Эңилчек унаа жолунда (45-90 чакырым, Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Буга байланыштуу КР ӨКМ айдоочуларга жолдун белгиленген тилкеси менен бара жаткан учурда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын эскертет.