11:56, 18 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстанда 2024-жылы мамлекеттик жана муниципалдык менчик боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерүүдө 1371 мыйзам бузуу аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Көзөмөл органдары тарабынан 532 жооп актысы келип түшкөн, 42 кылмыш иши козголгон, 113 доо арыз сотко жөнөтүлгөн. Актыларды кароонун жыйынтыгы менен 457 кызмат адамы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, дагы 8 кызматкерге айып салынды.
Толтурулган зыяндын жалпы суммасы дээрлик 15 миллиард 700 миллион сомду түздү. Анын 84,9 миллиону акча түрүндө, 15,6 миллиарды объектилерде чогултулган.