00:48
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Бишкек шаарында ирригациялык системалар жаңыланууда

Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана үзгүлтүксүз ирригацияны камсыздоо максатында «Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасы борбор калаанын райондорунда ирригациялык системаларды жаңылоодо. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкананын кызматкерлери лотокторду жана ирригациялык каналдарды орнотууда, алар аркылуу суу кийинчерээк жашыл аймактарга агып чыгат. Бул системалар газондорду, дарактарды жана гүлзарларды эффективдүү сугарууну камсыз кылууда маанилүү звено болуп кызмат кылат.

Иштер парк аймактарын, негизги көчөлөрдү жана коомдук жайларды камтыйт. Сугат каналдары ландшафтты жана учурдагы инженердик коммуникацияларды эске алуу менен суунун керектүү чекиттерге мүмкүн болушунча эффективдүү жетүүсү үчүн салынган.

Маалым болгондой, иш жүрүп жаткан бардык каналдар жана лотоктор 2024-жылдын күзүндө жана ушул жылдын жаз айларында алдын ала тазаланган.

Мэрия орнотулган лотокторго, арыктарга жана дренаждык каналдарга таштанды салбоону суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар