«Бишкекгаз» ишканасы борбор калаанын райондоруна орто жана төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүн тартуу иштерине байланыштуу убактылуу жаратылыш газын берүү токтотуларын билдирди.
Өчүрүү 2025-жылдын 21-апрелинен 23-апрелине чейин созулат.
Газдын өчүрүлүшү төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймактарга таасирин тийгизет:
Төрөкул Айтматов көчөсү;
Фрунзе көчөсү;
Курманжан Датка көчөсү;
Чүй проспектиси.
«Бишкекгаз» газ кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жаратылыш газын өчүрүү учурунда абоненттерди альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү суранат.