Бүгүн Бишкекте ысык суу өчүрүлөт

08:00, 21 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкек шаарында 21-апрелден 31-майга чейин ысык суу өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу жыл сайын профилактикалык иштерин жана жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу үчүн өчүрүлүп келет.