Бишкекте аптанын биринчи жарымында ала булут каптап, жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
21-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +5 градус жылуу болот. Күндүз +22 градуска чейин жылыйт.
22-апрелде жаан жаап, күн күркүрөшү, күндүз +23 градуска чейин ысышы күтүлөт. Түнкүсүн +7 градус жылуу.
23-апрелде ала булут каптап турат, жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн термометр +7 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз +22 градуска чейин жылыйт.
Бирок 24-апрелде аба ырайы өзгөрүп, күн ачык болот.