Кыргызстанда 90 миңдей бала мектепке катталды

10:13, 21 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда 90 миңге жакын бала мектептерде каттоодон өттү. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда айтылат.

Системага ылайык, 1200дөн ашык бенефициарлар катталган. Учурда дагы бош калган 195 миң орун бар.

Бишкек шаарында 6,2 миң бала 1-класска, 7,6 миң бала экинчи класска барат.

Белгилей кетсек, электрондук каттоонун биринчи этабы туруктуу каттоо дареги боюнча — 1-июнга чейин жүргүзүлөт.

12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу азыр биринчи жана экинчи класстар үчүн да каттоо ачык. Система 2018-жылы төрөлгөн балдарды 2-класска, 2019-жылы төрөлгөн балдарды биринчи класска автоматтык түрдө берет.

Эске сала кетсек, 2019-жылы төрөлгөн балдар 480 сааттык «Наристе» мектепке даярдоо программасын бүтүргөн болсо, алар да экинчи класска бара алышат. Ал үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары balalyk.edu.gov.kg электрондук базасына маалыматтарды киргизиши керек.