Куткаруучулар Чү дарыясына 5 күн мурун агып кеткен жарандын сөөгүн табышты

11:22, 21 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Күн мурун Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жарандын сөөгү табылды.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында 15-апрелде дарыяга 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткен.

Ошол убактан бери издөө улантылып келген. Кечээ куткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында аталган жарандын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.