21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурда Кыргызстанга экстрадицияланган активист Тилекмат Күрөңовдун баш коргоо чарасын тандады.
Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, УКМКнын ага тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, Тилекмат Күрөңов 2025-жылдын 19-майына чейин камакта калтырылды.
Активист КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде (бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу) каралган кылмышты жасаган деп шектелүүдө.
Эске салсак, 19-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети издөөдө жүргөн активист Тилекмат Күрөңов Бириккен Араб Эмираттарынан Бишкекке жеткирилгенин кабарлаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, активист республикадан тышкары жүргөндө социалдык тармактардагы аккаунттары аркылуу бийликти күч менен басып алуу аракети менен массалык баш аламандык уюштурууга чакырган чагымчыл билдирүүлөрдү байма-бай жарыялап турган.