02:09
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

«Кыргызнефтегаз» ишканасынын директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү шайланды

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги
Фото Мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги. Тойгонбай Абдыкадыров

Маалыматка ылайык, акционерлердин чечими менен Тойгонбай Абдыкадыров директорлор кеңешинин курамына кирди. Ал Алыкул Бековдун ордуна шайланды.

Тойгонбай Абдыкадыров 2021-2024-жылдары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп иштегенин басма сөз кызматы билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар