02:16
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Рим папасы Франциск дүйнө салды

Рим папасы Франциск каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Ватиканга шилтеме берип кабарлады.

Белгилей кетсек, кечээ катуу оорудан айыгып кеткен Рим папасы динге ишенгендерге Пасха сөзү менен кайрылды. Ал Украинада жана Газа тилкесинде тынчтыкка чакырды.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Папа Франциск Ватикандагы Ыйык Петр аянтына чогулган динчилдердин алдына чыгып, аларга кол булгалады. Анын Пасхадагы сөзүн архиепископ Диего Равелли окуду.

Ватикан кабарлагандай, Рим папасы Италияга келген АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс менен жолугушкан. Жолугушуу бир нече мүнөткө созулуп, "Пасха майрамы менен куттукташууга мүмкүнчүлүк болгон.

Рим папасы Франциск 88 жашта болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар