04:06
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Садыр Жапаров биринчи жолу Бахрейнге расмий иш сапары менен барды

Бүгүн, 21-апрелде Садыр Жапаров Король Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу менен Бахрейнге расмий сапар менен келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровду Бахрейн Королдугунун тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропортто Кыргызстандын жана Бахрейндин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бахрейн Королдугунун Королу Хамад бин Иса Аль Халифа, Бахрейн Королдугунун Консультативдик кеңешинин Төрагасы Али бин Салех Аль Салех жана Королдуктун башка расмий өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрү пландалууда.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Королдугунун ортосунда эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Бахрейн Королдугуна жасаган биринчи расмий сапары.

Эң көп окулган жаңылыктар