Президент «Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө жеңилдик берген мыйзамга кол койду

15:17, 21 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат үчүн жаңы муундагы кадрларды даярдоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасында интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу жана өлкө үчүн жаңы муундагы адистерди даярдоо, сапаттуу кесиптик билим алуу үчүн президенттик «Акылман» лицейинин, «Эл үмүтү» президенттик программасынын бүтүрүүчүлөрүнөн жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөрүнөн чыккан таланттуу жаштарды мындан ары да колдоо жана дем берүү максатында кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген максаттарда, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» жана «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында төмөнкүдөй өзгөртүүлөр каралган:

— «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен орто жана жогорку кесиптик билим алуу үчүн билим берүү уюмун жана билим берүү формасын тандап алуу укугун берүү;

— «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен дүйнөлүк рейтингге кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында орто жана жогорку кесиптик билим алуу укугун берүү;

— «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүсү дүйнөлүк рейтингдерге кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында окуусунун толук наркын жабууга грант алган учурда, ага Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдөгү мамлекеттик стипендия төлөө;

— «Акылман» президенттик лицейинин жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөрү; Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү; Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр жеке арызынын негизинде мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине конкурстан тышкары тартипте киргизүү жөнүндө ж.б.

Белгиленген бүтүрүүчүлөрдүн ичинен кадрлар резервинде турган талапкерлер мамлекеттик жарандык кызматтын же муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы кызмат орундарына артыкчылыктуу тартипте дайындалат, бул учурда квалификациялык талаптар «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн бардык адамдар үчүн бирдей сакталып калат.