Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөтү белгилүү болду. Өлкө боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрү 15-майдан 22-майга чейин ЖРТ тапшырышат. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, ЖРТга катышуу үчүн дээрлик 54 миң адам катталган.
Ал эске салгандай, өткөн жылы педагогикалык жана медициналык адистиктерге кабыл алууда босого балл 120, контракт боюнча 110, бюджеттик боюнча 115 балл болгон.
Быйыл босого тестирлөөдөн кийин белгиленет.