Байгазы Кенжебаев Биатлон Кыргызстан федерациясынын президенти болду

17:59, 21 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Байгазы Кенжебаев Биатлон федерациясынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы Instagram баракчасына билдирди.

Байгазы Кенжебаев 2010-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, 2012-2013-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген. Ошондой эле кыз-келиндер күрөшү улуттук курама командасынын улук машыктыруучу кызматын аркалаган.

Байгазы Кенжебаев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу жана меценат.

Эске салсак, буга чейин Биатлон федерациясынын президенти кызматын Бөкөнбай Казаков аркалаган.