Кыргызстандын бир катар шаарларынын мэрлери Орусиянын президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясында бир жумалык окуудан өтүшүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Заманбап шаарларды өнүктүрүүнүн жаңы технологиялары» программасы интенсивдүү бир жумалык курс форматында өтүп, мэрлерге шаарларды башкаруу боюнча алдыңкы эл аралык тажрыйбаны үйрөнүүгө, жаңы технологияларды жана стратегиялык инструменттерди өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Окууга республикабыздын он шаарларынын мэрлери келишти. Алар атайын семинарларга, мастер-класстарга жана практикалык тренингдерге катышып, ар кайсы өлкөлөрдө ийгиликтүү шаарларды башкаруу боюнча тажрыйба алмашат.