Кыргызстанда Азербайжандын маданият күндөрү өттүүдө

17:27, 22 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын борборунда өтүп жаткан Азербайжандын маданият күндөрү 21-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде салттуу кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнүн ачылышы менен башталды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Азербайжандын маданият министринин орун басары Мурад Фарид оглы Гусейнов, дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери, ошондой эле коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Фото Маданият министрлигинин басма сөз кызматы. Ачылышы

Көргөзмөнүн борбордук бөлүгүн Азербайжан станоктук живопистин негиздөөчүсү, көрүнүктүү сүрөтчү Мирза Гадим Эриванинин 200 жылдык мааракесине арналган эмгектери түздү. XIX кылымдагы көркөм искусствонун негизги өзгөчөлүктөрүн чагылдырган бул чыгармалар азербайжан сүрөтчүлүгүнүн өнүгүш тарыхында маанилүү этаптарды көрсөтөт.

Экспозицияда салттуу кол өнөрчүлүктүн өзөгү болгон байыркы килем токуу өнөрү өзгөчө орунду ээледи. Көрүүчүлөргө ворстуу жана ворссуз килемдер, металлдан жасалган көркөм буюмдар, сайма жана XIX кылымдан бүгүнкү күнгө чейинки декоративдик-колдонмо искусствонун үлгүлөрү көрсөтүлдү. Бул экспонаттар Азербайжан Улуттук килем музейинин фондунан алынды.

Заманбап авторлордун арасынан Азербайжандын эл сүрөтчүсү Элдар Микаилзаденин эмгектери көрсөтүлдү. Ал учурдагы искусствонун эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болуп саналат.

Көргөзмөдө «Гурама» деп аталган көркөм текстиль искусствосуна арналган өзүнчө бөлүм чоң кызыгуу жаратты. Бул байыркы лоскут ыкмасын сактап келген жана өнүктүрүп жаткан устат Халида Насирова тарабынан жасалган эмгектерде салт менен заманбаптык айкалышып, өзгөчө чыгармачылык көрүнөт.

«Шебеке» — түстүү айнектерден жасалган көркөм композициялар — көргөзмөдө устат Гусейн Гаджимустафазаде тарабынан мастер-класс форматында көрсөтүлдү. Келгендер ушул өзгөчө кооз кол өнөрчүлүк жаралышынын процесси менен түз таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Көргөзмөнүн зергерлик бөлүгүндө сүрөтчү Физули Ализаденин улуттук орнаменттерге негизделген, ошол эле учурда заманбап стилде жасалган кооз жасалгалары сунушталды.

24-kg.com. . Мода көргөзмөсү
Көркөм көргөзмөнүн соңунда жаш модельер Зумруд Мирзалиеванын кийим коллекциясы тартууланып, ал өз моделдеринде салттуу орнаменттер менен заманбап формаларды айкалыштырып, өткөн менен бүгүнкү күндүн көркөм диалогун жараткан.

Экспозициянын маанилүү бөлүктөрүнүн бири — «Карабах — улуттук мурастын элеси» аттуу фотокөргөзмө болуп, ал аймактын маданиятын жана тарыхый маанисин чагылдырган сүрөттөр аркылуу баяндап берди.

Аталган көргөзмө бир нече күнгө созулат.