Өлкө аймагында 14-апрелден 20-апрелге чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 607 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 779;
мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу — 343;
авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 158;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 380;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3510;
автоээнбаштык — 17;
белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3636;
жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 9;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 15 118;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3014 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.